Эң кымбат жана таза өлкө. Норвегияга биз менен саякаттап келиңиз!

“Ырыс таң” көрсөтүүсүндө эң кымбат гамбургерлер сатылган Норвегия өлкөсү жана уйларын да сыра менен сыйлаган калкы тууралуу кызыктарды чогултту. 

Алгач  модерн стилиндеги курулуштары сакталып калган Норвегиянын байыркы Олесунн шаары  тууралуу кыскача.

Мындагы өзгөчө имараттардын көпчүлүгү 1904-1907-жылдардын аралыгында курулган. Дал ушул архитектуралык укмуштуудай кооздугу жана климаттын ыңгайлуулугу  Олесунндун туристтик шаарга айлануусуна шарт түзгөн.

Ал эми дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын бири Осло – Норвегиянын борбору.

Көпчүлүк туристтер тартылган шаардын кайсы жерине барбаңыз, жакынкы сейил багына, жок эле дегенде 15 мүнөт жөө басышыңыз керек болот.

Норвегиялыктар дүйнөнүн эң түндүгүндөгү университеттери , футболдук клубдары, ботаникалык бактары жана сыра(пиво) заводдору менен сыймыктанышат.

Баса? бул жактын аба ырайы өтө эле эркелей берет десек болот. Анткени, күн ачык болуп туруп эле, жаан жаап, туман түшүп, шамал жүрүп кетет. Ошол себептен жашоочулары “Эгер биздин аба ырайы жакпаса, 15 мүнөт күтө туруңуз” деген макал чыгарып алышкан.

Бардык норвегиялыктар жок эле дегенде эки тилде эркин сүйлөй алышат. Алар эне тили жана англис тили.

Бул өлкөнүн шаарларында жерде жаткан таштандыны көр албайсыз.  Анткени калкы ушунчалык таза келет.

Бирок бул жакта башка өлкөлөргө салыштырмалуу кымбатчылык орун алган. Кадимки такси деле капчыгыңызды жукартып коюшу мүмкүн. Анан да дүйнөдөгү эң кымбат гамбургерлер да ушул жерде сатылаарын эйтей жүрүңүз.

Бул жакта алкоголдук ичимдиктер өтө эле кымбат жана жөнөкөй дүкөндөн таппайсыз. Спирт ичимдиктери адистештирилген мамлекеттик дүкөндөрдө гана салылат.

Норвегия туннелдердин көптүгү боюнча Европада биринчи орунду ээлейт.

2014-жылы болсо берекелүү, бай өлкөлөрдүн рейтингинде биринчи орунду алган.

Бул өлкөнүн эли жаратылышка ар дайым өтө аяр мамиледе болушат. Адамга ыңгайсыздык жараткан чиркей жана башка зыяндуу курт-кумурскалар жок болгондуктан, мындагы эс алуу бир гана ырахат тартуулайт.

Ал эми ашканасы боюнча айтсак, балыкты бышыруунун түрдүү ыкмаларын өздөштүрүшкөн.

А үлпөт тойлору да өтө кызыктуу учурлар менен коштолот. Той күнү бардык коноктор мас болушу керек деген пкирди карманган норвегиялыктар жадагалса, уй-музоолорун да сыра менен сыйлашат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.