Дыйканчылыкка кредит алууга кезек күткөндөр 25 миңге жетти

Помидордун имиран сорту быйыл Бишкекте биринчи жолу сатылат. Даамдуу болуп, түшүмү жакшы дейт жашылча уругун Голландиядан алып келген дыйкан Сыдыгалы Ибраимов.

Кирешени помидордун көчөтүнөн эле көрүп жаткан дыйкан айдоо жеринин аянтын 1 гектарга көбөйттү. Учурда помидордун жаш көчөттөрүн сыртка олтургузуп, тамырын чоңойтууда. Бирок бул жумуш көп чыгымды талап кылат. Ал үчүн жаз алды менен  насыя алуу аракетин көрүп, ушул кезге чейин убара.

“Голландиядан көчөт алып келүүгө эле көп акча кетип калды. Кредит алып, дыйканчылыкты өнүктүрөйүн десем, бир канча күндөн бери документтерим бүтпөй жатат”, – деди Сыдыгалы Ибраимов.

Насыяга чамасы жетпеген дыйкандардын саны арбын. Күрөө көп болуп же керектүү документтери толук эмес.

Айыл-чарба жана мелорация министрлигинин маалыматына ылайык, учурда айыл-чарба багытында насыя алуу үчүн кезекке тургандардын саны 25 миңге жеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.