Душанбеде Күрөш-2022 Азия Чемпионаты өтөт

Душанбеде 17-22-март аралыгында Нооруз майрамын утурлай күрөш боюнча Азия Чемпионаты жана күрөштүн улуттук түрү – гуштингири боюнча үчүнчү эл аралык мелдеш өтөт.

Душанбе шаарынын төрагасынын чечими менен иш-чараны өткөрүүгө шаардык бюджеттен 2 миллион сомони (177 миң доллардын тегереги) бөлүндү.

Гуштингири боюнча мелдеш эркектер арасында 5 салмак категориясы (60, 70, 80,90 килограмм) жана аялдар арасында 3 салмак категория боюнч (52,70,87) өтөт.

Эркектер арасында биринчи орунду алгандарга автоунаа берилет. Экинчи орунду камсыздаган балбандар 38,6 миң сомони (3,5 миң доллардын тегереги), коло байгени уткандар 12 миң сомони (1,2 миң доллардын тегереги) алат.

Аялдар арасында биринчи орунду алгандарга 3500 доллар, экинчи орунду камсыздагандарга 2200доллар жана үчүнчүлүктү ээлегендерге 1200 доллар берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.