Дубайда «Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираты – 2021» туристтик роуд-шоуcу өттү

Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) «EXPO 2020» Кыргызстандын Улуттук күнүнүн алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган туристтик роуд-шоу өттү. Бул

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов куттуктоо сөзүндө белгилегендей, Кыргызстан туризмдин бардык түрү, анын катарында окуялуу, экологиялык, этномаданий жана тарыхый туризм үчүн маанилүү туристтик потенциалга ээ.

«Биз жылдын бардык мезгилинде дүйнөнүн бардык бурчунан келген туристтерди тосуп алууга даярбыз. Бизде туризмдин бардык түрлөрү үчүн идеалдуу шарттар бар: рафтинг үчүн дарыялар, альпинисттер үчүн бийиктиги 7 миң метрден бийик тоолор жана биздин берметибиз – Ысык-Көлүбүз бар. Биздин республика 4 жыл мезгилин бир убакытта көрүүгө мүмкүн болгон өлкөлөрдүн бири деп ишенимдүү айта алам», – деди Азамат Жаманкулов.

Туристтик роуд-шоу эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү жана бекемдөө, потенциалдуу жергиликтүү өнөктөштөрдү издөө, ошондой эле чет элдик өнөктөштөр үчүн Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүнүк алуусу жана анын жагымдуулугун баалоосу максатында өткөрүлдү.

Роудшоу (роуд-шоу) – регион/өлкө/өлкөлөр боюнча тур, анын жүрүшүндө бизнесмендер инвесторлор жана ири кардарлар менен жеке жолугушууларды өткөрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.