ДССУ акыркы 20 жылда адамдардын эмнеден көп каза болуп жаткандыгын аныктады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы 20 жылдагы дүйнөдөгү өлүмдүн негизги себептерин атады. Бул тууралуу уюмдун берген маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазышты.

ДССУнун изилдөөсүнө ылайык, акыркы жыйырма жыл ичинде адамдар жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети жана өнөкөткө айланган жугуштуу эмес оорулардан каза болушат.

“2000-жылы адамдардын өлүмүнө себеп болгон жугуштуу эмес төрт түрү, 2019-жылы жети түрү аныкталган. Бул тез арада жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну жана дарылоону күчөтүшүбүз керектигинен кабар берет”, – деген уюмдун башчысы Тедрос Адханом Гебреисус.

Ошондой эле ДССУ 2000-жылга салыштырмалуу дүйнө калкынын орточо жашоо узактыгы 6 жылга жогорулагандыгын билдирген. Мындан 20 жыл мурда адамдардын орточо жашоо узактыгы 67 жаш деп эсептелсе, азыркы убакта 73 жашты көрсөтөтө.

ДССУнун аталган изилдөөсү коронавирустук пандемияга чейин чогултулган маалыматтарга негизделген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.