“Достук” бекетинде кезек күтүү жоюла элек

Достук өткөрмө бекетинен ары бери өткөндөрдүн саны күнүнө 10-12 миң адамды түзүүдө. Мындан улам өткөрмө бекетте кезек күткөндөрдүн саны кескин көбөйүп, 2-3 күндөп чек арадан өтө албай тургандар бар.

Кезекте тургандардын арасында кары картаңтар да арбын. Кезек күтүү Кыргызстандан Өзбекстанга өтүүдө көп болот. Айрыкча күндүзгү убакытта адамдардын өтүшү кыйындайт. Кыргызстанга келүүдө кезек күткөндөр жок.

Өткөрмө бекет ачылгандан бери эки өлкө ортосунда соода жүгүртүү да көбөйгөн. Чек арачылардын белгилөөсүндө кезекте тургандардын көпчүлүгү соодагерлер. Алардын арасында күнүнө коңшу өлкөгө 2-3 ирет өтүп, товар алып чыкандары да бар.

“Бир эле жаран күнүнө 2-3 жолу өткөн учурлар көп болот. Эми кошумча документ текшерүү кабиналар курулат. Мына ошондо кезекте тургандарды катары жоюлат”, – деди  “Достук” көзөмөл өткөрүү жайынын башчысы Бакыт Зулпукаров.

“Достук” өткөрмө бекети күнүнө 7 миң адамды текшерип өткөрүүгө ылайыкташкан. Бирок азыркы учурда 2 эсе көп адамды тейлеп жатат. Өткөрмө пункта 3 текшерүү жайы болсо, эки тараптуу кызматташуу жандангандан бери бешөөнө көбөйгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.