Дмитрий Лысогоров: сомду жана кыргыз паспортун тарткан дизайнер

 

1993-жылдын 10-майында Кыргызстанда улуттук валюта – сомду киргизүү тууралуу чечим кабыл алынганКыргыз валютасынын алгачкы үлгүрөрүн иштеп чыгуу кандай жүргөн? Бул тууралуу  “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” алгачкы кыргыз сомун жана паспортун  ойлоп тапкан кайталангыс инсан менен сүйлөштү. Таанышып алыңыздар: графикалык дизайнер, сүрөтчү жана фотограф Дмитрий Лысогоров. Ал бизге биринчи паспортту жасоо кандай талаш-тартыштар менен коштолгонун да айтып берди.  

Президент Акаев сомду  Түркияда басуудан эмнеге баш тарткан?

Кыргызстан – мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен өзүнүн улуттук валютасын бекиткен биринчи өлкө. Бул 1993-жылы болду. Бирок жумуш өлкө эгемендик алагандан кийин дароо эле башталган.

-1991-жылы мени жана өнөктөшүм Анатолий Цыганкты Улуттук банкка чакыртышты, – деп эскерет Дмитрий Лысогоров. –  КРнын УБнын төрагасы Кемелбек Нанаев бизге улуттук валютаны иштеп чыгууну сунуштады, калем акыга унаа менен батир убадалашкан. Анысын да, мунусун да алган эмеспиз. Бирок алтын тоолорду убадалоо шарт эмес эле, жумуш бизде чоң кызыгууну жаратты.

Иш кызыктуу гана эмес, оор да болду. Анткени республикада тиешелүү адистер жок эле. Тажрыйба да жетишсиз. Маалыматты “ гуглдан издөө” же эксперттер менен сүйлөшүү мүмкүн эмес болчу, анткени интернет анда өлкөгө келе элек маал.

Эмнесин айтасың, Улуттук банкта да, график-адистерде да компьютер жок болчу. “Маалыматты күкүмдөп чогултууга туура келди. Биринчи иш сапар мурдагы советтик  өлкөлөрдүн ичинде биринчилерден болуп өз валютасын чыгара баштаган Литвага болду.  Бирок алардын сүрөтчүсү бизге жарытаарлык бир нерсе айтып бере албады. Ал акча жасоо жараяны менен алгач чиновниктер, андан кийин гана дизайнерлер таанышканын айтып, ушул катаны кайталабоого гана чакырды”.

Албетте, Кыргызстан да андайдан кача албады. Дал ошол чиновниктер алгачкы акчалар Түркияда басылат деп чечим кабыл алышты. Ал өлкө бизге жакшы жеңилдиктерди берет дешти.

-Анатолий экөөбүз кошулган делегация акчаны долбоорлоо жана басып чыгаруу процесси менен таанышуу үчүн Анкарага бардык. Бизди абдан жакшы кабыл алышты, бирок жараяндын баары компьютерлештирилбегени мени жана өнөктөшүмдү аябай таң калтырды, – дейт Дмитрий Евгеньевич.

Бирок чечимдер эң жогорку деңгээлде кабыл алынып бүткөндөн соң, дизайнердин пикири кимди кызыктырмак эле?

-Биз Анкарага Түркиянын Республика күнүн белгилөө маалында барып калдык. “Шератон” мейманканасына Бишкектен Кыргызстан президенти Аскар Акаев баштаган чоң делегация келди. Аларга ошол жактан жолуктук, – дейт Дмитрий Евгеньевич. – Биз өз шектенүүлөрүбүздү жашырбай айттык. Ал: “Биринчи акча жогорку деңгээлди басылышы керек. Англияга баруу керек” деди.

Үлгүлөрдү батыраак бергиле! Кошуналардан артта калбаш керек!

Улуу Британияга болгон иш сапардан кийин негизги  жумуш башталды.

Анан эле күтүүсүз жерден үч күн ичинде “утурумдук сомдун” үлгүсүн берүү керек деп айтышты.

– Бизге бул өтө маанилүү дешти. Биз кошуналардан биринчи чыгарышыбыз керек экен. Биринчи кезекте кеп Казакстан тууралуу болуп жатты. Биз Анатолий Петрович экөөбүз чүчүкулак кармадык. Мага сом, ага тыйын менен иштөө түштү (биринчи тыйындар кагаздан болгон – МА).

1993-жылдагы биринчи акча бири-биринен түсү жана бирдигинен гана айырмаланып турган.

– Чынын айтайын, басылып чыкан сом мага жаккан эмес. Мен үлгүнү түстүү калем менен жасагам, басууда көп жагдайларды эске алышпаган. Кагаздын сапаты да начар эле. Бир жолу аялым шымымды чөнтөгүндөгү акчасы менен кошо жууп салыптыр, акчанын бетиндегинин баары өчүп кеткен болчу. Бирок сом өзүнүн экономикалык жана саясий ролун ойноп койду, – дейт Дмитрий Лысогоров.

Белгисиз маркадагы “принтер”

Дмитрий Лысогоров менен Анатолий Цыганок  негизги сомдун дизайнынын үстүндө жумушту улантышты.

Иш аябай оор болду, анткени компьютер жок эле. Болочоктогу акчанын ар бир жерин гуашь менен тартууга туура келди, чоңойтуучу жабдык менен ар бирин сүрөткө тартып, анан аны кыркып алып, айрым графикалык элементтерди жалпы композицияга жабыштырышты. Кээде аялы менен уулун жардамга чакырган күндөр болду.

 

-Мындан сырткары пигменттүү басып чыгаруу технологиясын колдондум. Бул жөнөкөй эле. Бирок аябай көп колду кармайт. Жыйынтыгында сонун сүрөт чыгат. Англиядагы балдар биз кайсы принтерди колдонгонубузду сурашты. Биз мунун баары колдоо жасалганын түшүндүрүүгө аракет кылдык. Бирок алар ишенишкен жок, – деп эстейт дизайнер. – Сомдун үстүндө бир нече комиссия иштечү. Анатолий экөөбүз дизайнга гана жооптуу болдук. Бизге акчада ким жана эмне тартылышы керектигин гана айтышкан. Мисалы, башында 10 сомдо актер Муратбек Рсыкуловдун сүрөтү басылат дешкен.

– Акча бирдиктерин да чүчүкулак таштоо менен аныктадык. Мага 1, 10, 20 сомдуктар, Анатолийге 5, 50, 100 сомдуктар туура келди.

Баса, 10 сомдукта кимдин сүрөтү басылаары өзгөрүп кеткенде акчанын арт жагын мен, бет жагын Анатолий иштеп чыктык.

Дизайнерлер сомдун алгачкы үлгүлөрүн өкмөттүк отурумдарда жана эл өкүлдөрүнө көрсөтүшчү. Бирок ар бир депутаттын өз пикири болгон үчүн Улуттук банктын төрагасы убакытты текке кетирбей, Парламентке барбай эле коюу чечимин кабыл алды. Ал эскиздерди Голландиядагы дизайн-бюрого жиберди, ал жактагылар үлгүлөрдү жогору баалашкан. Мындан сырткары эскиздерди президент Акаев да карап чыкчу.

Айрым үлгүлөрдө жазуулар латын тамгалары менен болду, анткени Өзбекстандай эле кирилиццадан баш тартуу тууралуу сунуштар айтылып жаткан эле.

Бирок бул тобокелдикке баруудан баш тартышты.

Улуттук валютаны жасашканы үчүн 9 миң сом сый акы

Жумуш бүткөндө дизайнерлерге унаа да, батир да беришпеди. Жаңы эле басылып чыккан сом менен акыбызды төлөштү, – деп эскерет Лысогоров.

– 9 миң сомдон беришти, биз дароо эле доллар сатып алдык, ал  4 миң болду. Убагында алмаштырып калганбыз, анткени кыргыз сому тез эле кунун жоготту, – дейт Лысогоров.

Кийин Дмитрий Евгеньевич сомдун дизайны боюнча иштебеди.

-Бир жагынан ичим ачышты, анткени бизде топтолгон тажрыйба жана билим бар эле. Экинчи жагынан менде башка олуттуу долбоорлор менен алектенгенге убакыт табылды.

Тоолор чыныгы болбой калып

2004-жылы Дмитрий Лысогоровду мамлекеттик атрибуттар менен иштешүүгө кайрадан чакырышты. Кыргызстан өз папсортторун чыгарууга камынып жаткан.

– Бирок андан мурун гербди түзөтүүгө туура келди. Гербди дизайнерлер эмес, сүрөтчүлөр жасашакан да. Алар узун-туурасы 1,5 метр болгон чоң үлгүнү көрсөтүшкөн, ал бекитилген. Бирок гербди кичине өлчөмдө чыгарганда, андагы бөлүктөр бири-бирине куюлушуп, жөн эле так болуп калаарын эч ким ойлогон эмес.

Дмитрий Евгеньевич гербди оңдогон, бирок “идеологиялык чоң ката” кетирген.

-Азыр аны эстесем күлөм деңизчи. Бирок ошол маалда депутаттар ушундай чуу көтөрүшкөн. Мен жасаган вариантта тоо чокуларынын саны аз болуп калыптыр. Чынында аларды саноо менин башыма да келген эмес. Көрсө, чокулардын саны облустардын санындай жети болушу керек экен эле, – деп эстейт Лысогоров.

Дагы идеологиялык катаны кыргыз паспортторун басып чыккан англиялык ишкана кетирген.

– Алар коргоо элементтердин санын көбөйтөбүз деп, чоң бүркүттүн сүрөтүн  кара кылып өздөрү кошуп коюшкан. Депутаттар мындан диверсияны көрүшкөн, – дейт Лысогоров.

Дагы бир күлкүлүү жагдай: кыргыз паспортторун англиялык компания Кениядагы өкүлчүлүгүндө басып чыгарган.

– Ал жактагылар Азиядан келген эскиздерди алып,  түстөрдү кошуп коюу керек деп чечишет да, кыргыз папсортторун африкалык мотив менен – ачык кызыл-сары кылып чыгарышкан. Биз албетте андай “кооздуктан” баш тартканбыз, – деп эстейт Лысогоров.

Баса, кыргызстандыктар азыр колдонуп жаткан паспорттор Дмитрий Евгеньевич сунуштаган акыркы вариант эмес.

-Менден үлгүлөрдү таанышуу үчүн гана сурашкан. Ушундан кийин мен дагы үч ай бою паспорттордун үстүнөн иштей берипмин. Документти басып чыгарууга жиберишкенин кийин билдим, паспорт ансыз деле жакшы дешкен жооптуулар, – дейт дизайнер.

Династия

Азыр Дмитрий Евгеньевич активдүү иштеп жатат. Аялы менен улуу ага мурдагыдай эле жардам беришет.

– Кыркып, жабыштырыштын азыр кереги жок. Мен азыр компьютердик программада иштейм. Бирок аялым лингвист болгон үчүн кардарлар үчүн кызыктуу аталыш, ураандарды таап берет, – дейт Лысогоров.

Дмитрий Евгеньевичтин уулу – Алексей Лысогоров да дизайнер болду.

Айтмакчы, Дмитрий Евгеньевичтин бир тууганы Евгений Евгеньевич Лысогоров  да дизайнер, бирок ал текстилге адистешкен. Анын колунан жаралган килемдер Кыргызстандын музейлеринде бар.

-Чыгармачылык шык бизге кайдан өткөнүн билбейм. Атам – аскер адамы, апам – үй кожойкеси.

– Бирок бир тууган таекем -Петр Кузьмич Антоненко сүрөтчү болгон. Ал мага көптү үйрөттү, – дейт Лысогоров.

– Алгач мен көркөм сүрөт училищесинде окудум. Кийин аскерге кеттим. Андан соң окуумду Ленинграддагы Мухина атындагы ЛВХПУда уланттым. Ошентип, 30 жашымда окууну аяктадым. Кесибим боюнча “өндүрүш графика жана каптамачысымын”, – дейт дизайнер.

Бүткүл союздук техникалык эстетика институтунда иштедим, кийин Кыргызстанга кайтып, басылмаларда эмгектендим, анан кайра Москвага кетип, сырткы соода жарнак бөлүмүндө кызыктуу иш тажрыйбасынан өттүм.

 

Лысогоровдун эмгектеринин ичинде сом менен паспорт эле эмес, этикетка, каптама, фирмалык стилдер, логотип, эн белгилер, китептер жана маркалар да бар.

– Советтер Союзунда дизайн батыш үлгүлөрүнөн аябай артта калган эле. Бирок мен жолдуу болдум, студент кезимде башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен көп сүйлөшчүмүн, сомдун үстүнөн иштеп жатканда да чет өлкөлөргө чыктым. Азыр эми маалыматтык камсыздоо жагынан алганда кыйла жеңил. Бул дизайндын жалпы деңгээлинен көрүнүп турат. Албетте, биз дагы деле арттабыз. Бирок 50 эмес, 10 жылдыр. Анын үстүнө глобалдашуу жакын арада өзүнүн эрежелерин киргизет. Анан бардыгы таланттан гана көз каранды болуп калат. Айырма жоголот. Балким, мен жаңылышып жаткандырмын.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.