Дилкумар Жолдошева Жалал-Абад облустук филармониясына жетекчи болду

Маданият министрлиги Дилкумар Жолдошеваны Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониясына жетекчи кылып дайындады. Буга чейин филармониянын жамааты Эмил Балтагуловдун талапкерлигин сунушташкан.

Бирок Балтагулов бул кызматка Жолдошеваны көрсөткөн. Учурда жаңы жетекчи ишин баштады.

Дилкумар Жолдошева буга чейин Т.Тыныбеков атындагы филармониясында иштеп келген. Ырчы, дастанчы, кесиби боюнча мугалим.

Буга чейин филармонияда жетекчилик менен кызматкерлер арасында келишпестик жаралып, Маданият министрлигине кайрылышкан. Анда кызматкерлер жетекчиликти “баарына бирдей мамиле жасабайт, чыгармачылыкты колдобойт” деп айыпташкан.

Дүйшөнбай Молдобаев 22 жыл жетекчи болуп иштеген. Ал жогорудагы айыптоолорду бут тосуп жаткандардын аракети деп баалап, жөн гана жамааттагы ынтымакты бузгусу келгендердин кадамы экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, филармонияда 60ка жакын кызматкер иштейт. Мекеменин түзүлгөнүнө 23 жыл болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.