Депутаттар иш сапары боюнча отчет берүүгө милдеттендирилди

Муну Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу сунуштады.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети депутаттарды өздөрүнүн кызматтык иш сапарлары боюнча отчетторун жарыялоого милдеттендирүү максатында иштелип чыккан “КР ЖК Регламенти жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды.

Депутат Алтынай Өмүрбекованын айтымында, Жогорку Кеӊештин, анын депутаттарынын ишиндеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, депутаттарды өздөрүнүн кызматтык иш сапарлары боюнча отчетун 7 күндүн аралыгында парламенттин сайтына жайгаштырууга милдеттендирүү зарыл.

“Ушундай талап туура болот, депутаттардын эмне иш жасаганын калк билсин. Анткени, депутаттардын кызматтык иш сапарына 1 млн сомдон ашуун каражат жумшалууда. Мындай талап кагазда эле калып калбасын десек, мыйзамдын аткарылышын тармактык комитет көзөмөлгө алууга тийиш, – деди ал.

Депутат мындай талапты өкмөт мүчөлөрүнө да милдеттендирүү зарылдыгын белгиледи.

Сүрөт: Zanoza

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.