Депутаттар: Инвесторлордун айынан калк кыйын абалга кептелди

Депутат  Бактыбек Райымкулов ЖКнын жыйынында Өкмөттүн көңүлүн жайыттарды туура пайдалануу тууралуу маселеге бурду.

“Суусамырдагы Кара-Булак жайлоосу 8 жылдан бери  алтын казылып, талкаланды. Инвесторлор алтынды казып алып кетип калышкан, бирок, жергиликтүү эл, малчылар кыйналып жатат”, –деген депутат экотехинспекцияга тапшырма берип, бул маселени кылдат иликтөөнү талап кылды.

Ал эми депутат  Сайдолимжон Жураев ага Кызыл-Кыянын тургундарынан кайрылуу келгенин билдирип:

“Кызыл-Кыянын миңге жакын тургандары Кадамжай районунун аймагынан көмүр казып, үй-бүлөсүн багып жатышкан. Бирок, быйыл ал кенди жаап салышты. “Апачилер”  ЖЧК түзүп, жакында ал кенди башка бирөөгө сатып ийишти. 1000дей адам ишсиз калды. Эми алар үй-бүлөсүн кантип багат? Жок дегенде жардам берип, укуктук нукка салып койсо болбойт беле?”, – деди Жураев.

Депутат Максат Сабиров: Ысык-Көлдүн жээгине өзүбүздүн балдар эс алгыдай шарт түзүп берели

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.