Депутаттар балык уулоочу синтетикалык торлорду пайдаланууга тыюу салуу демилгесин көтөрдү

Депутаттар балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу демилгесин көтөрүшүүдө. Учурда бул тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоору суудагы биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоо, курчап турган чөйрөнүн жагымдуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Балык уулоочу торлор даярдалган синтетикалык материалдар бекем, сууда чирибейт. Ал көлдөр менен көлмөлөрдө өлгөн жаныбарлардын топтолушуна, экологиялык абалдын бузулушуна алып келет. Ошондон улам, мындай каражаттарга тыюу салуу демилгеси сунушталууда.

Андан тышкары, мыйзам долбоору аркылуу юридикалык мааниге ээ болгон айрым бир түшүнүктөр да ачып көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду. Алсак, “балык уулоочу синтетикалык торлор”, “электр менен кармоочу тутумдар” сындуу жаӊы түшүнүктөр сунушталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.