Депутат Орозова: Баткенде кырсыктан жабыркагандар көп, бирок бир да заманбап оорукана жок

Баткен облусунда заманбап оорукананын жоктугун депутат Карамат Орозова бүгүн, 13-майда Өкмөттүн 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгын кароо маалында билдирди.  

Анда Орозова жыл башынан бери аталган облустта бир канча кырсыктар жүз бергенин айтып, андагы курулуштардын абалы талапка ылайык эместигин белгиледи.

“Жыл башынан бери Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында бир катар жаңжалдар орун алды. Жабыркагандар болду, үйлөр өрттөндү. Тилекке каршы аталган облуста социалдык курулуштардын да абалы начар. Ал тургай заманбап оорукана курула элек”,-  деди депутат.  

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт жабыркаган тамдарды калыбына келтирерин белгилеп, чек арага чектеш аймактардагы башка көйгөйлөр да чечилерин айтты.

“Баткен облусунда заманбап оорукана куруу үчүн 5 гектар жер бөлүнгөн” – деп кошумчалады Өкмөт башчы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.