Жеке курулуш компаниялар менен иштешүүдө Орусия менен Казакстандан үлгү алуу сунушталды

Бүгүн, 13-майда ЖКнын жыйынында депутаттар Кыргыз Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун угууда. Талкуу учурунда депутат Тынчтыкбек Конушбаев курулуш тармагында “бирдиктүү терезе” принцибин колдонуу маселесине токтолду.

Анда  депутат азыркы тапта курулушка уруксат берүү жараяндары өтө коррупциялашканын, курулуштук-техникалык экспертизанын оң натыйжасын алуу үчүн ишкерлер пара берүүгө мажбур болуп жатканын белгиледи.

“Жеке компаниялар тарабынан курулуш экспертизасын жүргүзүүнү Орусия менен Казакстандын  тажрыйбасынан карап үйрөнүүгө болот”,-деди депутат Тынчтыкбек Конушбаев.

Депутат курулуп, оңдоп-түзөөдөн өткөн 110 обьектке кеткен каражаттын көлөмү белгисиз экендигин айтты

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.