Ден-соолуктан ажыратып, кылмышка азгырган спирт ичимдиги

Талдоочулар спирт ичимдиктерин колдонуу адамдардын кылмышка баруусуна, үй-бүлөлүк чыр-чатактарга себеп болорун баса белгилеп келишет. Кыргызстанда алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн көлөмү жыл санап азайып баратканы менен, импорттун көлөмү көбөйүүдө. Бул макалада алкоголдук ичимдиктердин зыяны жана кырдаалдан чыгуу жол-жоболоруна токтолобуз.

Ош облусунун аймагында күн сайын мас абалында унаа башкарган ондон ашуун мас айдоочу аныкталат. 2021-жылы спирттик ичимдиктин айынан 21 айдоочу жол кырсыгына себепкер болуп, 1 265и жол эрежесин бузган.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, мас абалда рулда жүргөн жарандарга протокол түзүлүп, чара көрүлөт. Бузуулар кодексинин 193-беренесине ылайык, 17 500 сом акчалай айып салынат. Бирок, айып пул, жазалоо болсо деле айдоочулар арасында мас абалында унаа башкарып, жол эрежесин бузган учурлар жоюлбай келет.

“Мыйзамда 30 сааттан 40 саатка чейин түзөтүү иштерине тартуу нормалары да бар. Эгерде айдоочу бир жылда эки жолу мас абалында унаа башкарып жүргөндүгү аныкталса, алгач ага сот органдары тарабынан акчалай айып салынат. Экиничисинде түзөтүү жумуштарына тартылат. Тилекке каршы, мындай чектөөнү билишсе да эрежеге баш ийбегендер болуп жатат”,- деди Алтынбек Теңизбаев.

Спирт ичимдиктерин колдонуунун кесепеттери

Милициянын ардагери Алымжан Чотбаев алкоголдук ичимдиктерди колдонуунун натыйжасы жол кырсыктарына гана эмес, башка үрөй учурган окуяларга дагы себепчи болуп жатканын айтты. Маселен, уурулук, зордук-зомбулук, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштуу иштер да катталып жатат. Анын кесепетинен түгөйлөр эки ажырым жолго түшүп, балдар ара жолдо калууда.

“Мисалы, 2021-жылы 2 389 адам мас абалында кылмыш жасаптыр. Мунун айынан кылмышкер темир тор артына кирсе, жакындары моралдык жактан жабыркайт. Башкача айтканда, аракечтик терс кесепеттерге алып келүүдө. Ошондуктан жарандар спирттик ичимдиктерди пайдалануу жакшылыкка алып барбай турганын сезиши керек. Антпесе түшүндүрүү иштери менен жазалоодон майнап чыкпайт”, – деди Чотбаев.

Психиатр-нарколог Бакыт Атабаевдин билдиришинче, жарандардын арасында алкоголдук суусундуктар чарчоону басып, стресстен арылтат деген түшүнүк бар. Тескеришинче, спирт ичимдиги нерв системаны козгойт. Бул учурда адам чыдамсыз болуп, түнкү уйкусу бузулуп, маанайы чөгөт. Булардын баары мээ иштеп чыгарган психиканын бузулгандыгынын белгилери. Ошондуктан мас абалдагы адам мындай учурда башка бирөөлөр менен тез конфликтке барат.

Эң башкысы, алкогол организимди уулап, ден соолукка чоң зыянын тийгизет. Спирттин таасири көбөйүп, адам аракечтикке берилип кеткенде нерв ооруларына чалдыгат. Мындан тышкары, боор жабыркап, “цирроз” сыяктуу ооруларга алып келет.

Бакыт Атабаев – Ош областтык психиатрия жана наркология борборунун психиатр-наркологу

“Арак-шарап ичүү адатка айланганда анын зыяндуулугу көбөйүп баштайт. Себеби алкоголдук ичимдиктер денеге ашказан ичеги аркылуу кирип, канга сиңгенден кийин бүт ички мүчөлөргө таркайт. Мындайда жүрөктүн күч-кубаты кетип, боор жабыркайт. Ошондой эле мээнин иштеши начарлап, адамдын эске тутуусу начарлап кетет”.

Кантекенде арак-шараптан алыстоого болот?

Экс-депутат Айнуру Алтыбаева VI чакырылышта коомдук жайларда тамеки тартууга, спирт ичимдиктерин ашкере жарнамалоого тыюу салуу маселелерин бир топ жолу көтөргөн. Ал алкогол суусундуктарын өндүргөн ишканаларга акциз салыгын көбөйтүү керек деген пикирде. Салыктын көптүгүнөн товардын баасы кымбат болуп, спирт ичимдиктерин колдонгондор азаят.

“КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөнкү акциз салыгы Кыргызстанда деп эсептелет. Энергетикалык суусундуктарга дагы акциз салыгын көбөйтүү керек. Тамеки тартуу, алкоголдук суусундуктарды колдонуу бул ар бир жарандын өзүнүн укугу. Бирок, изилдөөлөрдө бааны көтөрүү аркылуу эч кимдин укугун чектебей, мажбурлабай туруп, аракечтик азайганы аныкталган”, – деди Алтыбаева.

Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн 51 ишкана бар. Алар салык төлөө аркылуу расмий иш алып барышы керек. Мамлекет тарабынан болсо арак-шараптын сапатына көзөмөл жүргүзүлөт. Бирок, салыктан качып, көмүскөдө жасалма суусундук чыгарган ишканалар дагы бар.

Алкоголдук рынокту жүгүртүүнү жөнгө салуу башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Токтогулов 2020-жылы кабыл алынган салык мыйзамынын негизинде төлөмдөр жүргүзүлөрүн айтты. Анын негизинде спирт ичимдиктерине болгон акциз салыгы бир литрине 70 сомдон 100 сомго чейин жогорулатылган. Мындан тышкары, жыл сайын салыктын суммасы 20 сомго көбөйүп турат. 2021-жылы ликер-арактын 1 литри үчүн акциз салыгы 120 сомду түзгөн. 2022-жылы 140, 2023-жылы 160 сомго жетет.

Статистикалык маалыматтарды карай турган болсок, алкоголдук продукция өндүрүшүнүн көлөмү жыл санап азайганы байкалууда. Бирок, импорттун көлөмү өсүп жатат.

Көйгөйдүн чечими спирт ичимдиктерин колдонуу эмес

Психолог Дөөлөткан Кабыкова жарандар негизинен көйгөйгө кабылган учурда анын чечими катары арак-шарапты колдонушарын билдирди. Бирок, мындайда адам бир маселеден качам деп, экинчисине кабылат. Ошондуктан кыйынчылык учурда арак-шарапка азгырылбоо үчүн төмөндөгү көнүгүүлөр сунушталат:

  • Кандайдыр бир көйгөйгө туш болсоңуз, дароо спирттик ичимдик унуткарат дегенден алыс болуңуз жана кырдаалга анализ жасап, аны чечүүнүн реалдуу жолдорун табыңыз;
  • Өзүңүз сүйгөн жумуш менен алек болуңуз. Маселен, музыка угуңуз, футбол ойноңуз, өзүңүзгө кам көрүп, сулууланыңыз. Бул ыкма сиздин маселеңизди чечпейт. Бирок, ошол учурда аракка азгырылып, терс көрүнүштөргө барууңуздан сактайт.
  • Психологго баруудан тартынсаңыз, анда ошол учурда жакын адамыңыз менен сырдашыңыз, көңүлүңүз көтөрүлүп, жеңилдейсиз.

Дөөлөткан Кабыкова – психолог

“Ошондой эле адам итернет тармактарынын жардамы менен өзүн өстүрө турган көнүгүүлөр менен алек болушу керек. Бирок, ошону андан ары өрчүтүп кетүү да маанилүү. Маселеден качпаш керек. Аны жөнгө салуу зарыл. Көйгөй чечүү үчүн жаралат, арак-шарап ичүү үчүн эмес”.

Алкоголдук ичимдиктер сатылбаган айыл

Акыркы учурларда Кыргызстандын бир топ айылдарында жергиликтүү эл тарабынан спирт ичимдигине каршы иш-чаралар өтүп жатат. Дүкөндөрдө аракты саттырбай, талаага алып барып төккөн учурлар да бар. Мындай айылдардын бири Кара-Суу районундагы Тээке айылы. Айыл эли өз ара пикирге келишип, дүкөндө спирт ичимдиги менен бозо сатууга тыюу салышкан.

Айыл тургуну Рахманали Сулайман уулу бул саамалыктын башталганына 10 жылга чукулдап калганын айтып, видео тартып жөнөткөн.

“Биздин айыл район борборунан алыста жайгашкан. Айылда спирт ичимдиктерин эле эмес, бозо дагы саттырбоо чечими айыл аксакалдары тарабынан чыккан. Чечимди айыл тургундары, жаштар өзгөчө колдоду. Бул иштер башталгандан бери арак ичкендер өтө азайды”, – дейт айыл тургуну.

Тээке айылындагы дүкөн (өздүк тасма)

Оштун Отуз-Адыр айыл аймагынын тургуну Төлөгөн Омарбаев аймакта жыл сайын спорт менен алек болгондордун саны артып, тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин колдонгондор азайып жаткандыгын билдирди. Мындан төрт жыл мурун Кара-Дөбө айылындагы мырзалар спорт зал жок болгондуктан мал сарайды ыңгайлаштырып, машыгуучу жай катары пайдалана башташкан. Алгач онго жакын балдар спорттун “Пауэрлифтинг” түрү боюнча машыгышчу.

Бара-бара сергек жашоону тандап, спорт менен алек болгондордун саны артты. Учурда жалпы айыл өкмөт боюнча 60тан ашуун бала спорттун паурлифтинг, кол күрөш, гир көтөрүү түрлөрү менен алектенүүдө. Аларга керектүү спорт шаймандарын жергиликтү тургундар акча жыйнап, сатып алып беришкен. Ал эми айыл аймакта дагы деле спорт зал курула электигине байланыштуу, демөөрчү катары тургундардин бири өз турак-жайын машыгуу залы үчүн берген.

“Мен паурлифтинг боюнча эл аралык мелдештерге чейин жетип, ийгиликтерди камсыздап келгенмин. Өз айылымда дагы жаштарды бекерчиликке берилип, аракеч болуп кетүүсүн каалаган жокмун жана алгач бир-эки баланы спортко аралыштырып баштагам. Азыр сергек жашоону тандап, спортко жакындагандардын саны көбөйүүдө. Ошондой эле, ийгиликтер дагы бар. Балдардын арасынан Кыргызстанда өткөн спорт мелдештеринде чемпиондукту багындырып жатышат”,- деди Омарбаев.

Кара-Дөбө айылындагы машыгуу залы (өздүк тасма)

Башкы сүрөт интернеттен алынды

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.