Нурбаев: дарыгерлерге үстөк пайызсыз ипотекага үй берилиши керек

Медицина кызматкерлерине үстөк пайызсыз ипотекага үй берилиши керек. Мындай сунушту депутат Абдывахап Нурбаев комитеттердин биргелешкен жыйынында берди.

Эл өкүлү өкмөт өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, дарыгерлерге  моралдык жактан дайыма колдоо көрсөтүп турушу керектигин белгиледи.

“Өкмөт дарыгерлерге үстөк пайызы жок үй алганга мүмкүнчүлүк бериши керек. Аларга акчадан башка да жардам болсун”, – деди Нурбаев.

Соңку маалымат боюнча коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 83кө жетти. Бул жалпы бейтаптардын 19 пайызын түзөт. Вирусту жугузуп алгандардын басымдуусу медайымдар менен лаборанттар.

Өлкөдө COVID-19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур. Алардын ичинен 24 дарыгер, 32 орто медперсонал – медайымдар, лаборанттар, дарыгерлердин жардамчылары, калгандары кенже медперсонал – санитаркалар, ашпозчулар жана башкалар.

Санкт-Петербургдагы кыргыздар үчүн ыкчам жардам штабы түзүлдү

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.