“Ден соолук” кербени калктын саламаттыгын текшерүүнү баштады

Ош облусулунда дарыгерлерден турган атайын топ калктын ден соолугун көзөмөлгө алууну баштады. Ак халатчандардан куралган “Ден соолук” кербени облустун бардык райондорун кыдырып, акысыз текшерүү жүргүзүшөт.

Топтун алгачкы жумуштары Ноокат районунан башталды. Ар бир айыл аймакта дарыгерлер эки күн турушуп, элдерди кабыл алат. Топто балдар жана чоңдор үчүн кардиолог, окулист жана онкология оорулары боюнча дарыгерлер бар. Ошондой эле гинекологиялык, мурун оорулары боюнча да адистер кошулган.

Дарыгерлер тобу бардык медициналык жабдыктарды өздөрү менен кошол алып жүрүшөт. Алардын тамак-ашы менен чыгымдарын жергиликтүү бийлик каржылайт.

“Ден соолук” кербени өткөн жылы да калк саламаттыгынан кабар алып, аймактарды кыдырып келишкен.

Сүрөт: Kabarlar.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.