
«Демилгелүү ишкер аялдар»(ДИА) коомдук фонду «COVID-19 маалында аялдардын укуктарын коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорун ишке ашырышууда. Бул тууралуу аталган коомдун мүчөсү билдирди.
“ДИА” коомдук фонду “Бай Түшүм” (Кара-Суу району) жана “Кожо-Арык” (Ноокат району) өз ара жардамдашуу топторунун ассоциациялары менен өнөктөштүктө долбоордун үстүнөн иштеп жатышат.
Алар кандай иш-аракеттерди жүргүзүшөт?
- Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон,коопсуз жайга жайгаштырылууга муктаж болгон аялдарды “Надежда” коопсуз үйүнө кабыл алып, аларга тиешелүү психологиялык, маалыматтык – укуктук, юридикалык колдоо көрсөтөт. Аталган баш калкалоочу жай “ДИА” коомдук фондунун алдында уюштурулган;
- Аялдардын укугун коргоо боюнча окуу-тренингдерин, пайдалуу жана сиңимдүү тамактарды даярдоо боюнча мастер класстарын уюштурушат;
- Өнөктөш болгон “Бай-Түшүм” жана “Кожо Арык” өз ара жардамдашуу топторунун ассоциациялары менен биргеликте калк арасында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу, зомбулуктун курмандыктарын колдоо жана COVIDдин таркап кетишине жол бербөө тууралуу маалыматтарды калк арасында таратуу;
- «COVID-19 маалында аялдардын укуктарын коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» боюнча массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иш алып баруу;
Кыргызстанда карантин жана изоляция учурунда үй-бүлөлүк жаңжал, ошондой эле зордук-зомбулуктун саны кескин түрдө көбөйдү. Мындай учурда көбүнчө аялдар басынтууга жана ур-токмокко чыдоого аргасыз болушат.
ИИм маалымдагандай, Кыргызстанда 2020-жылдын жарымында эле 2019 зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп.
COVID-19 пандемиясы учурунда үй-бүлөлөрдө аялдар кабылган зомбулуктун көрсөткүчү да дээрлик 70% өскөнү расмий маалымдалган.
- 16.12.2020