Дарыя жээктеринен кум-шагыл алууга чектөө коюлду

Дарыя жээктеринен кум менен шагыл алууга тыюу салынды. Бул боюнча өкмөт сай жээгин бекемдөө, негизсиз казууларды токтотуу боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык учурда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандарга көзөмөл жүрүп жатат.

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сейитовдун айтымында, облус аймагында дарыя жээктеринен кум алгандар арбын. Алар аракеттерин уланта беришсе дарыяга жакын жайгашкан аймактагыларга кооптуулук жаралат.

Учурда түшүндүрүү иштерин ӨКМ адистери менен патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери алып барышууда.  Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызмат чоң жолдогу оор техникаларда кум-шагыл ташып бараткан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө, ӨКМ адистери дарыя жээгинен кум, шагыл алгандарга жеринен токтотуу керектигин эскертип жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.