Дарыгер: баласын эмдетүүдөн баш тарткандар себептерин түшүндүрбөй жатышат

Учурда Ош шаарында жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүрүүдө. Өнөктүк калаадагы 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда өтүп жатат. Ага бардык тургундар катышып, акысыз эмдөөдөн өтсө болот.

Ош шаарындагы №1- үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун иммунологу Адина Апазованын айтымында, үй-бүлөлүк борборлорго келип, бирок эмдөөдөн баш тарткандар болуп жатат. Мындайлардан күнүнө эки-үч учур катталууда.

 “Эгерде ата эне баласын эмдетүүнү каалабаса түшүнүк кат аркылуу себебин жазышы керек. Учурда балдарын эмдеткиси келбеген тургундар болсо аны ачыктагысы келбейт. Эмдөөдөн баш тартса жугуштуу оорулар күч алып кетүү коркунучу бар”,-деди Апазова.

Дин жаатындагы адистердин маалыматында, Ислам дини эмдөөлөр адам ден соолугуна керектүү болсо алууга уруксаат берет. Кыргызстанга Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан уруксат алган вакциналар алынып келинет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.