Дачасулуктар бир аптадан кийин кайра митингге чыгат

Коопсуз жайга көчүрүү талабы менен бүгүн Ак үй алдына  митингге чыккан Дача-СУ конушунун тургандары тарап кетти. Алар бир аптадан кийин кайрадан нааразылык акциясын улантмай болушту.

Ак үй алдына келген ар кандай эсептер боюнча 200дөй адам элди көчүрүү маселесин эртерээк чечип берүү талабын прездинтке жолдошту.

“Авиакырсык катталгандан бери үч айдан ашык убакты өттү. А элди көчүрүү маселеси дагы эле чечиле элек. Биз  өз өмүрүбүз үчүн кооптонобуз. Кырсык кайталанбай деп эч ким кепилдик бере албайт”, – дешти митингчилер.

Авиакырсык ушул жылдын 16-январында катталган. 39 адамдын өмүрүн алып, 23 үйдү жараксыз кылган.  Дача-СУ Чүй облусунуна караганы менен айыл статусу берилген эмес.

Сүрөт: knews

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.