Дүрбөлөңгө түшкөн эл, баасы көтөрүлгөн ун менен май

Орусия менен Украинанын ортосундагы жагдайлардан улам өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин жогорулады. Орусия коңшу өлкөлөргө буудай экспорттоону август айына чейин токтотту.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев “Фейсбуктагы” баракчасына видео жарыялап, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Анын айтымында, Кыргызстандагы “Мариям” ун заводу элди ун менен камсыз кыла алат.

“Мариям-Ош” ун заводунун кызматкерлери 1 кап ун 1 650 сомдон сатылып жаткандыгын айтышты. Бирок ортомчулар үстүнө 500 сомдой кошуп сатышат. Завод бул процесстерге бөгөт коюу үчүн соодагерлерге ун берүүнү токтотуп, ушул эле жерден жарандарга сатып жатат.

Белгилей кетсек, бул завод күнүнө орточо эсеп менен 700 каптан ун чыгарат.

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Айыл чарба министрлиги дагы атайын жыйын өткөрдү. Анда “Кайыңды-Кант” акционердик коомунда 19 миң тонна кумшекер бар экени, импорттоочулар 1,5 миң тонна алып келишкендиги айтылды.

Министрдин айтымында, бул көлөм Кыргызстандын эки жарым айлык керектөөсүн түзөт. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Материалдык резервдер фондунда үч айга жетээрлик кумшекер сакталып турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.