Дүкөндөрдөгү азыктардын салмагы белгиленгенден аз чыгып жатат

Бишкектеги онго жакын соода-түйүндөрдөгү азыктардын салмагы көрсөтүлгөндөн аз чыкты. Жер-жемиш, балык, ун, эт жана козу карындардын салмагы 20 граммдан 250 граммга чейин аз экени аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик техникалык инспекциясынан билдиришти.

“Жалпы онго жакын дүкөндөрдү текшерүүгө алдык. Дээрлик баарында салмагы аз товарлар сатылып жатканы ачыкка чыкты. Алардын ээлерине эскертүүлөрдү бердик”,- дешти аталган мекемеден.

Адистер кошумчалашкандай, эскертүү алган дүкөн ээлерине коюлган талаптардын аткарылышын көзөмөлгө алышат. Эгер аткарылбаса соодагерлерге чаралар көрүлөт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.