Дүйнөлүк банк Индонезияга 300 миллион доллар кредит берди

Дүйнөлүк банк Индонезиядагы жокчулуктун алдын алуу максатында 300 миллион долларлык кредит бөлүп берди. Бул тууралуу Индонезиянын Антара маалымат агенттиги жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк бөлүп берген каражат өлкөдөгү 66 миңден ашуун айылдагы түрдүү кызматтарды жакшыртуу жана кризистен чыгууга колдонулат.

Банктын директору Родриго Чавестин айтымында бөлүнгөн акча менен Индонезиядагы кризисти жою гана эмес, өлкөнүн экономикасын жакшыртуу да көздөлгөнүн билдирген. Чавес акыркы жылдары өлкөнү жакырчылыктан чыгарууда адилетсиздик жүрүп жатканын  кошумчалаган.

Статистика боюнча 2018-жылы Индонезияда жакырчылыктан жапа чеккендердин саны  25,6 миллионго жеткен. Бул калктын 9,66 %ын түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.