Дүйнөдөгү эң кооз кичинекей шаарлар

Норвегия, Рейне кыштагы

Рейне кыштагында болгону 329 жашоочу бар. Көлөмү боюнча чакан гана болгону менен Норвегиянын эң кооз аймактарынын сап башында. Дүйнө эли бул жерди балык уулоо үчүн табылгыс жер катары таанышат.

Шотландия, Фарер аралы

Фарер – табышмактуу, чепке айланган тоолор менен корголгон өтө кооз арал. Андагы жаратылыш сулуулугун көрүү үчүн чокуларга салынган жалгыз аяк жол менен гана барууга болот. Ал эми аралда 18 гана адам туруктуу жашаганы менен, саякаттап баргандар арбын.

Австрия, Гальштат шаары

Гальштат шаары эл жашаган эң байыркы аймак катары таанымал. Б.з.ч. 500-жылдары түптөлгөн.  Учурда бул шаар айтып бүткүс сулуулугу менен белгилүү, туристтер эн көп каттаган жер. Баса, Гальштат шаарында азыркы күнгө чейин туз өндүрүлөт.

Дүйнө жүзундөгү эн кичинекей жана эң кооз шаарлар тууралуу кызыктуу видеону сунуштайбыз.

Жер шаарындагы өзгөчө сулуулукка бөлөнгөн  шаар, кыштак жана мамлекеттер тууралуу иш күндөрү “Ырыс таң” көрсөтүүсүнөн да көрсөнүздөр болот.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.