Дүйнөдө алгачкы селфини ким жасаган?

1826-жылы Жозеф Нисефор тарабынан биринчи фотоаппарат ойлонуп табылган. Алгач сүрөттү басып чыгаруу үчүн асфальт боегун колдонгон. Бирок анын сапаты абдан начар болгонуна карабай, биринчи фотоаппарт болуп аты тарыхта калган. Жозефтин каражаты аз болгонуна карабастан, сүрөт тартуу кызыгуусун жоготкон эмес.

Андан соң Сеттон линзалары бар объектив ойлоп табып, фотоаппарат тарыхына өтө чоң салым кошкон. 1861-жылы шотландиялык математик-физик Жеймс Махвел дүйнөдө биринчи түстүү фотоаппартты ойлоп тапкан. Ал кураштырган фотоаппарат биздин көзүбүз көнгөн моделге окшойт. 1865-жылдан тарта сапаттуу сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк жарала баштаган.

1875-жылы америкалык белгилүү фотограф Мейту Брейди дүйнөдө биринчи жолу өзүн-өзү сүрөткө тарткан. Заманбап тил менен айтканда селфини ойлоп тапкан фотограф. 1903-жылы немецтердин армиясы чымчыктардын мойнуна фотоаппартты илип, атайын чалгындоо үчүн учуруп, фотоаппаратка убакытты көрсөтүү функциясын киргизет.

”КОДАК” – учурунда абдан популярдуу маркалардын бири. “Кодак” пленкасы 1889-жылы ойлоп табылып азыркы күнгө чейин колдонулат. Фотоаппараттар өткөн кылымдын 20-жылдары массалык түрдө чыгарыла баштаган. 20-кылымдан тарта 35 миллиметрлик майда фокусту тартуучу фотоаппарат чыгарылып, фото дүйнөсү өнүгүү жолуна түшө баштайт.  Санариптик фотоаппараттар 1974-жылдардан баштап активдүү колдонула баштайт.

Алгачкы фотоаппараттар салмагы оор болуп көтөрүп жүрүүгө ыңгайсыз болгон. 20-кылымдын аягында чакан фотоапараттар чыгып, алар кеңири тарай баштаган. Ар бир эле үйдө ак-кара түстө тартылган үй-бүлөлүк альбомдор бар.  Сүрөттүн канчалык сапаттуу чыгышы бул фотографтын тажрыйбасына жана фотоаппараттын баасына көз каранды.

Азыркы учурда дүйнөдөгү фотоаппарат падышасы – Хейсел Блад Н 6 Д. Анын баасы 2 млн доллардан ашуун деп белгиленип, үстүбүздөгү жылы саттыкка чыккан. 100 мегапикселден ашкан бул кереметүү фотоаппарат микроскоп көрө албаган деталдарды алууга күчү жетет.

Андан кийинки орундарда Кенон, Никон, Пентах, Лейка С сыяктуу легендарлуу фотоаппарттар ээлейт. Алардын баасы 300 минден бир нече миллион долларга чейин жетет. Анан, албетте, ар бир компания сүрөттүн сапатына акчасына жараша кепилдик беришет.

200 жылга жакын тарыхы бар фотоаппарат бүгүнкү күндө жашообуздун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды. Сүрөт – бул бактылуу көз ирмемди тарыхта сактап калчу эң сонун курал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.