
Кыргызстанда 9-декабрга карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 25, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.
Ал эми бир суткада 54 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 363 бейтап, амбулатордук түрдө 346 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 863 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 905 киши айыгып чыкса, 2 миң 766 адам каза болду.
- 10.12.2021