
Кыргызстанда 9-февралга карата коронавирус 97 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 53, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 282 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 684 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 883 адам дарыланууда.
- 09.02.2022