
Кыргызстанда 4-февралга карата коронавирус 202 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 107, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 591 адам илдеттен сакайып чыкты, 3 бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 966 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 784 адам дарыланууда.
- 04.02.2022