
Кыргызстанда 31-январга карата коронавирус 205 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 123, Чүй облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 23,Баткен облусунда – 13, Жалал-Абадс облусунда – 10, Талас облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 2, Нарын облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 596 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт кыргызстандык каза болду. Стационарларда коронавирустан 1 миң 80 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 238 адам дарыланууда.
- 31.01.2022