
Кыргызстанда 29-декабрга карата коронавирус дагы 40 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарына – 14, Чүй облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 50 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 266 бейтап, амбулатордук түрдө 312 адам дарыланууда.
- 29.12.2021