
Кыргызстанда 28-декабрга карата коронавирус дагы 46 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб маалымат таратты.
Алар:
Бишкек шаарына – 19, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 5, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 61 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 264 бейтап, амбулатордук түрдө 325 адам дарыланууда.
- 28.12.2021