COVID-19: 24-январга карата статистика

Кыргызстанда 24-январга карата коронавирус 426 адамдан аныкталды.

Алар:

Бишкек шаарында – 314, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 44, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 22 адамдан илдет табылган.

Өткөн суткада 589 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 1 176 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 780 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 820 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 183 миң 517 киши айыгып чыкса, 2 миң 851 адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.