
Кыргызстанда 24-декабрга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 55 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду. Ал эми стационарларда коронавирустан 287 бейтап, амбулатордук түрдө 337 адам дарыланууда.
- 24.12.2021