
Кыргызстанда 23-декабрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 13, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 42 адам илдеттен сакайып чыгып, бир бейтап каза болду. Ал эми стационарларда коронавирустан 299 бейтап, амбулатордук түрдө 343 адам дарыланууда.
- 23.12.2021