
Кыргызстанда 21-январга карата коронавирус 788 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 523, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 137, Ош облусунда – 17, Талас облусунда – 17, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 28 жана Баткен облусунда 30 адамдан илдет табылган.
Өткөң суткада 284 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 1075 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 429 адам дарыланууда.
- 21.01.2022