
Кыргызстанда 21-декабрга карата коронавирус дагы 51 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 14, Ош шаары – 1, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 41 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 303 бейтап, амбулатордук түрдө 345 адам дарыланууда.
- 21.12.2021