
Кыргызстанда 20-январга карата коронавирус 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 600, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 161, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 23 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 266 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 1040 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 961 адам дарыланууда.
- 20.01.2022