
Кыргызстанда 20-декабрга карата коронавирус дагы 23 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти..
Алар:
Бишкек шаарында – 19, Ош шаары – 1, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде 29 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 301 бейтап, амбулатордук түрдө 338 адам дарыланууда.
- 20.12.2021