COVID-19: 19-январга карата статистика

Кыргызстанда 19-январга карата коронавирус 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

Бишкек шаарында – 627, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 141, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 16 жана Баткен облусунда 28 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 201 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.