COVID-19: 18-январга карата статистика

Кыргызстанда 18-январга карата коронавирус 820 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

Бишкек шаарында – 600, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 109, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 9 жана Баткен облусунда 29 адамдан илдет табылган.

Өткөн суткада 153 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 967 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 770 адам дарыланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.