
Кыргызстанда 17-февралга карата коронавирус 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 216 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 754 адам дарыланууда.
- 17.02.2022