
Кыргызстанда 15-февралга карата коронавирус 55 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусугда – 4 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 207 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 428 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 18 адам дарыланууда.
- 15.02.2022