
Кыргызстанда 10-февралга карата коронавирус 107 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар:
Бишкек шаарында – 44, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 43, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Өткөн суткада 297 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 738 адам дарыланууда.
- 10.02.2022