Чоң-Алайда жаңы стадион пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон аймагында жаңы спорт ордосу  курулуп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Ачылуу аземге Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана  район акими Жумадилла Жапаров катышты.

Андан соң,  ачылуу аземге карата район аймагында спорттун  түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Заманбап стадион 400 адамга ылайыкташып, былтыркы жылы курулушу башталган. Жалпы 14 миллион сом сарпталып,   “Чоң-Алай районунун өнүктүрүү” фонду тарабынан  каржыланган.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.