Чоң-Алайда “Талаа күнү” майрамдалды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Чоң-Алай районундагы “Жар-Башы” айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, “Талаа күнү” майрамына катышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган иш-чарага Өзбекстан өлкөсүнүн жана Ош, Жалал-Абад облусунун дыйкандары катышты.

“Жар-Башы” айыл чарба кооперативи 2016-жылы жергиликтүү автивдүү фермерлердин демилгеси боюнча ТЕЦ-центрдин колдоосу менен уюштурулган. Кооперативде айыл чарба товарларын өндүрүү боюнча кеңеш берүү, картошканын эрте жана орто мөөнөттө жетилүүчү үрөнүн өндүрүү, экологиялык жактан таза шартта картошка өндүрүү боюнча жумуш алып барат. Бүгүнкү күндө кооперативдин 170 мүчөсү жана 60 гектар жер участогу бар.

Быйылкы жылы “Жар-Башы” кооперативи Өзбекстандын Андижан облусунун “Инновациялык агросервиси борбору” менен 100 тонна өлчөмүндө “Риверо” жана “Санто” сортундагы картошканын үрөнүн өндүрүп берүү боюнча келишим түзгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.