
Бүгүн, 4-майда саат 12:57де Чоң-Алай районунда 4 баллга жеткен жет титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Сейсмология институтунан кабарлашты.
Жер титирөөнүн очогу Тажикистан жана Кыргызстандын чек арасынын аймагында болуп, очогунда 4 баллга чейин жеткен.
Силкинүү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Алга, Кара-Тейит айылдарында 3,5 балл, Карамык айылында 3,5 балл сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.
Эске салсак, 3-майдагы жер силкинүүдөн райондо турак-жайлардан жаракалар кетип, 66 үй жараксыз абалга келгени аныкталган. Ошондой эле социалдык обьектилер да жарактан чыккан. Ушундай эле абал Кадамжай районунда да кездешип, аймакта да бир топ үйлөрдөн жаракка кеткен.
- 04.05.2017