
Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында жер алдынан чыккан сууларды жөнгө салуу үчүн дренаждык канал курула баштады. Азыркы тапта жергиликтүү тургундардан турган топ техниканын жардамында казуу иштерин улантып жатышат.
9-февралдан бери узундугу 400 метрге жакын жер казылып, жер алдынан суу чыккан аймакка чейин уланат. Бул иштер тургундардын коопсуздугун сактоо үчүн көрүлүлүүдө.
Эске салсак, 6 күн мурун райондун Кара-Кабак айылында жер алдындагы суулар көтөрүлүп, тургундарга кооптуулук жараткан. Ошондон тарта калктын коопсуздугун алдын алуу иштери жүрүп жатат.
- 14.02.2018