Чоң- Алайда 2 спорт зал менен эмкана курулуп, пайдаланууга берилди

Чон-Алай районунда 1 фельдшердик эмкана, 2 спорт залдын курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

“Бурган-Суу айылындагы эмкананын курулушу 2017-жылы башталып, бюджеттен  4 миллион 838 миң сом бөлүнгөн. Ал эми Жайылма айылындагы Х. Базаров атындагы орто мектебинин спорт залына 9 миллион 825 мин сом бөлүндү. Мындан сырткары, Көк-Суу орто мектебинин спорт залынын курулушу 2015-жылы башталган эле. Жалпысынан курулуш иштери 13 миллион 500 миң сомго бүтүрүлдү”-деди Нуркыз Кадырбекова.

Иш чарага бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү калк катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.