Чоң-Алай: жер титирөөдөн 65 үйдөн жаракка кеткени аныкталды

3-майдагы жер титирөөдөн Чоң-Алай районундагы турак жайларды изилдеп жатышат. Комиссиянын алгачкы жыйынтыгында 65 турак жайдан жаракка кеткени аныкталды.

Карамык айылында жалпы 26 үйдү изилдешип, анын жыйырма төрткө жакынынан жарака кеткенин такташты. Ошондой эле бир ФАП жана почтанын имараты авариялык абалга келди.

Мындан сырткары, Шиве айылында 118 үй изилденип, анын ичинен 9 үй авариялык абалда, Жекенди айылында болсо 36 үйдү карап чыгышып, 15 үй 1 мектеп жана 1 ФАП авариялык абалга келгенин такташты. Кара-Тейит айылында 100 үй изилденип, 17 үй, аны менен кошо ФАПтын имаратында майда жаракалар пайда болгонун аныкташты.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы 4 топко бөлүнүп, жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.