
Ош облусунун Чоң-Алай районунда 3-5-май күндөрү жер силкүүнү бир нече жолу кайталанды. ӨКМден маалымадшкандай, жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-баллга чейин, Баткен облусунда 4-4,5 баллга чейин, Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Силкинүүдөн Ош облусунун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга кептелди.
ӨКМ тарабынан 5 орунду 300 даана чатыр жеткирилген. Шибэ айылындагы 21 үй-бүлө, Жекенди айылындагы 33, Чулук айылындагы 38, Кара-Тейиттеги 90, Карамык айылындагы 118 кожолук чатырларга жайгашты.
- 06.05.2017